Ырчы Айпери Сыдыкованын “Махабатты барктайлы” аттуу ырынын клиби жарык көрдү. Ырдын сөзү Жаңылай Исаковага, обону ырчынын өзүнө таандык, ал эми клипке Павел Курганский режиссёрлук кылган. “Клипке мен жана дагы 4 кыз тартылды. Эң кызыктуусу - кыздар 4 башка жерден келген, бирок алардын үчөөсүнүн тең аты Мээрим экен. Ал эми тартуу идеясы режиссёрго таандык. Менин кыймыл-аракетим, кийген көйнөгүмдөн бери өзү карап, көзөмөлдөп жатты. Көрүүчүлөрдүн купулуна толот деген ойдомун”,- деди ырчы айым. Айта кетсек, Айпери Сыдыкова учурда “Танго” аттуу жаңы ырынын үстүндө иштеп жаткан кези.