Бейшемби күнү АКШнын көпчүлүк штаттарында "Иммигранттарсыз бир күн" акциясы жүрдү. Акцияга миңдеген адамдар катышып, айрым ишканалар акцияны колдоо максатында ишке чыгышкан жок. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.
Акция учурдагы президенттин миграция саясатына каршы уюштурулуп, катышуучулар мигранттарды колдоо максатында чыгышкан. Мындай иш-чара 2006-жылы 1-майда да өткөн. Анда катышуучулар Жорж Буштун миграциялык реформаларына каршы чыгышкан.
Эмгек бюросунун маалыматына ылайык, 2015-жылы АКШда ата теги чет элдиктер болгон 26 миллион 300 миңдей адам эмгектенсе, 2004-2014-жылдары жумушка жарамдуулардын 47 пайызы мигранттар болгон.
Акциянын катышуучулары жөө жүрүшкө чыгышса. Өлкө боюнча жүздөгөн кафе-ресторандардын ээлери да миграциялык саясатка каршы чыгып, ишканаларын иштетишкен эмес. Муну менен алар мигранттардын АКШнын экономикасына кошкон салымын көрсөтүшөт.