"Кыргыз таза суу" мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, мындай чечим кечээ, 21-октябрда өткөн Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынган. Бул чечим 10 күндөн кийин күчүнө кирмекчи.
Мамлекеттик ишкана Айыл чарба министрлигине караштуу болот.