2011-2016-жылдары чет мамлекетте кароосуз калган 63 бала Кыргыз жерине алынып келинген

Бүгүн, 17-февралда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2016-жылдагы январь-декабрь айларындагы ишмердигинин жыйынтыгы боюнча отурум болуп өттү. Ага вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова, анын орун басары Лунара Мамытова жана башка кызматкерлер катышышты. Анда өлкөнүн аймактарында социалдык коргоо мекемелеринин 2016-жылы аткарган иштери, пландары талкууга алынып, жасалчу иштер тууралуу түшүндүрмө, тапшырмалар берилди.

Отурумда Орусияда кароосуз калган 13 бала Кыргыз жерине алынып келингени айтылды. Жалпы 2011-2016-жылдары чет мамлекеттерден Кыргыз Республикасына 63 бала алынып келинген. Алардын басымдуу бөлүгүн туугандары алып кетишсе, балдар үйүнө жайгаштырылгандар, асыроого жана камкордукка алынгандар бар.

Ошондой эле өлкөдө ырайымсыз мамилеге жана зомбулукка (денеге зыян келтирүү 45, сексуалдык зомбулук 17, психикалык зомбулук 5) дуушар болгон 67 бала табылган. Алар боюнча 33 кылмыш иши козголуп, 24ү сотко өткөрүлгөн, анын 2өө жабылган.

Отчёттук текшерүүнүн жыйынтыгында ата-энеси чет өлкөгө иштегени кеткен балдардын саны 29 миң экени аныкталды. Алардын 510ну камкордукка берилди. 239у интернат тибиндеги балдар үйүнө жөнөтүлдү. 28 миң 693 бала туугандары менен жашай турганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан