2-майда Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде режиссёр Алижан Насировдун “Кара далы” аттуу кыска метраждуу көркөм тасмасынын бет ачары болот. Бул тууралуу "Кыргызфильм" киностудиясы билдирди. Тасма тууралуу айта кетсек, анда атасы менен жалгыз жашап жүрүп, күйөөгө тийбей калган дудук кыз тууралуу баяндалат. Тасманын узактыгы 20 мүнөт.