Бүгүн, 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүнө карата Баткен облустук администрациясы тарабынан эч кандай майрамдык иш-чара уюштурулган жок. Бирок Баткен шаарынын тургундарынын майрамдык маанайы жогору, сейил бактарда эл көп. Сейил бакта небересин жетелеп жүргөн Абдуллаева Алима мындай дейт:-
Биз бүгүнкү эмгек күнүн белгилөө үчүн неберелерибизди ээрчитип майрамдык маанайда жүрөбүз. Бул жерде адам көп болгондуктан, майрамдын шаңы көрүнүп турат. Мурда мындай күндөрдө аябай чоң майрам болчу эле. Азыркы жаштар бул күндүн кадырын анча билбегендей. Баарынан да селкинчектерде ойноп жаткан балдар майрамдын көркүн ачкандай.
Ал эми Баткен шаарынын кичинекей тургуну, 9 жаштагы Атай буларды айтты:
- - Бизди атам паркка алып келип ойнотту. Түрдүү селкинчектерге түшүүдөбүз. Бүгүн жакшы майрам да. Адамдар көп болуп, селкинчек тебүүгө кезекке туруп жатабыз.