Бүгүн, 1-майда Нарын облусунун Жумгал районунда төкмө акын Калык Акиевдин 130 жылдык мааракеси белгиленди. Иш-чарага райондун акими А.Исагулов, композитор Муратбек Бегалиев, режиссёр Эрнест Абдыжапаров жана акындын уул-кыздары, аксакалдар, маданият кызматкерлери катышты. Иш-чарада "Манас" айтылып, комуз күүлөрү чертилип, дастандар жаңырды. Ошондой эле К.Акиев атындагы Жумгал драма театрынын кызматкерлери тарабынан "Курманбек" драмасынан үзүндү коюлду. Мындан сырткары М.Бегалиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, акындын басып өткөн жолу тууралуу кыскача маалымат берди. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Жумгал райондук администрациясы тарабынан Эрнест Абдыжапаровго "Райондун ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды.