Ысык-Көл облусунун Түп районунда 30-январда Кутургу менен Фрунзе айылдарынын аралыгында көлгө балык кармоо үчүн барган 1990-жылы туулган жана 1982-жылы туулган 2 эркек адам чөгүп кеткен.
Издөө иштерине №34 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, №15 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, жергиликтүү тургундар тартылган.
Жоголгон адамдардын ата-энелеринин жана жакын туугандарынын макулдугу менен издөө иштери толук токтотулганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-февралда кабарлады.