“Кыргызстанга көркөм гимнастиканын чебер машыктыруучуларын чакырышыбыз керек”. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов Кыргызстандагы көркөм гимнастика федерациясынын 20 жылдык мааракесинде айтты. “Өлкөбүздө спорттун бул түрү өнүгүп келе жатат. Ошондуктан бизге чет өлкөлүк машыктыруучулар келип, өз өнөрлөрүн көрсөтүп, биздин мугалимдер менен тажрыйба алмашуусу зарыл”,- деди Аманкулов. Анын мындай пикирин аталган федерациянын президенти, ЖКнын депутаты Чолпон Султанбекова кабыл алып, жакын арада бул иштер аткарууга аракет көрүлө турганын билдирди.