16-январда Курулуштар башкармалыгынын дачаларында болгон авиакырсыктан жабыркаган үйлөрдүн чатырын жабууга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 11-мартта билдирди.
"ӨКМнын куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары үйлөрдүн чатырын калыбына келтирүү иш-чараларына жардам көрсөтүштү. Аларга кошумча дагы 3 атайын техника тартылган", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, учак кырсыгынан жабыркаган үй ээлерине шифер таратылган.