Ырчы Курал Чокоевдин “Карай берем” деп аталган ырынын клиби жарык көрдү. Ырчынын айтымында, клип башкалардан айырмаланып интриганы, криминалдуу дүйнөнү чагылдырат. Аталган клипке К.Чокоев өзү режиссёрлук кылган жана ал "White Line prodaction" студиясы тарабынан тартылган. “Клиптин маанисин терең түшүнүү үчүн аны 2-3 жолу кайталап көрүү керек”,- дейт ырчы жаңы клиби тууралуу.