Мындан 12 жыл мурун, 2005-жылы 14-мартта япониялык оригами мастери, оригаминин искусство болуп таралышына жол ачкан Акира Ёсидзава Токиодогу ооруканалардын биринде пневмония оорусунан улам каза болгон. Ал 1911-жылы 14-мартта Япониянын Каминокава кыштагында жарык дүйнөгө келген.
Акира Ёсидзава 13 жашында окуусун таштап, кечки мектепке кирип иштей баштаган. 22 жашында автоунаа куруучу ишканага жумушка орношуп, ал жактан жаңы жумушка келгендерге сызма геометриядан сабак берген. Сабак учурунда жакшы түшүндүрүү үчүн оригамилерди колдонгон. Анын бул чеберчилиги заводдун жетекчилигин таң калтырган.
Экинчи дүйнөлүк согуш убагында Акира Ёсидзава Гонконгдо санитардык корпуста иштеп, ал учурда да өзүнүн кызыгуусун таштабастан оорулуулардын керебеттерин ар кандай кагаздан жасалган фигуралар менен кооздоп көңүлдөрүн көтөргөн. Согуштан кийин жашоосундагы оор мезгил келип, жубайы каза болуп калгандан кийин бир нече жыл кыйналып жашаган. 1951-жылы "Асахи Граф" журналынан сунуш түшүп, кытай календарындагы жаныбарларды кагаздан жасап бергенге макул болгон. 1952-жылы январь айында чыккан "Асахи Граф" журналынын саны көпчүлүк тарабынан жакшы кабыл алынып, Акира Ёсидзава Японияда гана эмес, чет өлкөлөрдө да белгилүү боло баштаган. 1954-жылы Японияда анын "Оригами" аталыштагы алгачкы китеби жарык көрүп, ошол эле жылы Токиодо Эл аралык Оригами борборун ачкан. Акира Ёсидзава оригаминин алиппесин иштеп чыгып, анын 50 миңден ашуун моделдерин ойлоп тапкан. Кийин бул өнөр боюнча 18 китеп жазган. 1983-жылы Япониянын императору Хирохито Акира Ёсидзаваны өлкөдөгү эң жогорку даражадагы "Чыгып келаткан күн ордени" менен сыйлаган.
14-мартка карата жылнаама