Баткен облусунда жаңы шайланган жетекчилердин деңгээлин жогорулатуу боюнча семинар өткөрүлдү

Баткенде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин деңгээлин жогорулатуу максатында семинар-кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Жумагүл Эгембердиева, Баткен облусунун райондук мамлекеттик администрация башчылары, шаар мэрлери, айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү кеңештин төрагалары катышты.

"Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу, жаңы шайланган жетекчилердин деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, калкка муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча маселелер талкууланып, маалыматтар берилди. Айыл өкмөттөрдө штаттык бирдиктердин саны, текшерүүлөр, айлык акы жана жергиликтүү кеңештин түзүмү боюнча суроолор талкууланып, сунуш, пикирлер айтылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Белгилүү болгондой, Баткен облусунда 3 район, 3 шаар жана райондук деңгээлде 3 шаар, 31 айыл өкмөт бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан