ЖЫЛНААМА, 16-МАРТ: Мындан 158 жыл мурун Орусияда радиону биринчи ойлоп тапкан Александр Попов туулган

Мындан 158 жыл мурун, 1859-жылы 16-мартта зымсыз электр байланышын узактыкка берүү каражатын табуучуларынын бири, орусиялык белгилүү физик жана электротехник Александр Попов туулган.

А.С.Поповдун радио жана радио байланышка сиңирген эмгеги 1900-жылы Париж шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө алтын медалга арзыган. А.С.Попов Орусияда радиону биринчи ойлоп тапкан адам катары эсептелинет. Анткен менен ал бул тармактын жападан жалгыз "улуттук" талапкери эмес. Америка Кошмо Штаттарында бул орунга Никола Тесланы, Францияда Эдуард Бранлини, Италияда Гульельмо Марконини коюшат. Поповдун жактоочуларынын пикирине караганда ал, Гульельмо Маркониге чейин 1895-жылдын 7-майында биринчи жолу радиоприёмникти иштеткен, 1896-жылдын 24-мартында болсо радиотелеграфтын иштешин көрсөткөн.

16-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан