"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ветеринардык инспекция: "Козулардын өлүшү ашказандагы сүт аш болбой уюп калышында"

Токтогул районунда, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылында 70 баштан ашык жаңы туулган козу-улак өлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына Токтогул райондук ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын башчысы Алмагүл Сапаркулова билдирди.

"Бүгүнкү күндө бир эле айылдан 71 баш жаңы туулган козу өлгөн. Мындан улам аларды райондук лабораторияга алып келип, дартты аныктадык. Козулардын өлүп жатканы малдарды кармоо шарты талапка жооп бербей жаткандан улам болуп жатат. Айрым учурларда малдар асты кургак эмес, суук жерде кармалып, ашказанында сүт аш болбой, уюп жатат. Ага карабай, өлгөн малдардын канын, жеген тоютун, сүтүн алып республикалык дартты аныктоо борборуна жибергенбиз. Жыйынтыгы 3-4 күн ичинде чыгат", - деп билдирди Сапаркулова.

Маалыматка ылайык, жаш козулардын массалык өлүшү буга чейин аталган айылда катталган эмес.

Эске салсак, окурман "Элдик кабарга" жаңы туулган козулар белгисиз себептерден улам өлүп жатканын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
asiret
2017-03-16 17:18:02
Буга чейин малдардын асты курук болуп, эми эле сыз болуп калдыбы?
+3
Kalemkash
2017-03-16 17:25:08
asiret, ошо да билбей койдук деп эле айтышпайбы. Бир чети кулкуну бир чети жинди келтирбей
+2
asiret
2017-03-17 09:08:00
Kalemkash, Алар билген кезде дагы ачык айтышпайт.
0
Tansuluu09
2017-03-16 17:25:46
Баардык козулар ушундай болмок Беле жакшы текшериш керек
+2
Zinazima
2017-03-16 22:36:44
Башка эч нерсе оюуна келбептир да эжекенин тообо
0
Stels
2017-03-17 08:15:33
Кочкордо да ушундай,туулгандан бир-эки кун таптаза туруп эле олуп атат.
40жыл чабан болгон кишилер билбейт бекен ,кандай температурада кармашты.Ветеринарлар озулору сабатсыз.Болжолдоп туруп соктуруп коюушуптур.
0
meerimma84
2017-03-17 09:00:48
Памперс жетишсиз болуп жаткандыгынан деп койбоптур хотя
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан