Бишкекте 13-октябрда Кыргызстандын жана Бангладештин Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда экинчи саясий консультациялар өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов жана Бангладештин тышкы иштер министринин орун басары Асад Алам Сиам жетекчилик кылган делегациялар катышты.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын абалы жана келечеги, ошондой эле көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Текстиль жана фармацевтика өнөр жайы кызматташуунун келечектүү багыттары катары белгиленди.
Мындан тышкары, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, анын ичинде Бангладештин жарандарынын Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында билим алуусу тууралуу сөз болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин 2027–2028-жылдарга карата кызматташуу программасына жана эки мамлекеттин дипломатиялык академияларынын ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.