Нидерландыдагы Check Point программдык камсыздоо компаниясынын блогунда жарыяланган маалымат боюнча WhatsApp, Telegram жана дагы башка шифр коюлган тиркемелерге бир сүрөт менен чабуул кылуу мүмкүн. Компаниянын иликтөөчүлөрү колдонуучу сүрөттү кабыл алып, аны басканда жиберген адам анын телефон китепчесиндеги номерлерин көрүүгө мүмкүнчүлүк алып, аларга да бул сүрөттү жибере аларын аныкташкан.
"Аталган тиркемелердин чыгаруучулары чара көрүшсө да, колдонуучуларга тааныбагандардан келген сүрөттү ачпоо сунушталат. Колдонуучу файлды кабыл алган соң мышыктын сүрөтүн көрөт. Бирок ал сүрөт html5 объектиси. Анын жардамы менен сүрөт жиберген адам браузер аркылуу ресурстарды ачууга мүмкүнчүлүк алат", - деп жазылган блогдо.