Өкмөт башчы туристтик сезондун алдында Казакстан менен экономикалык алаканы жакшыртуу керектигин айтты

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 16-мартта, Кыргыз мамлекетинин Казакстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Алиясбек Алымкулов менен жолугушту. Анын жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы экономикалык алаканы жакшыртуу маселелери каралды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр экономикалык кызматташтык боюнча иш алып баруу керектигин жана жеңил өнөр жай, айыл чарба продукцияларын экспортко чыгарып жаткан ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү айтты. Ошондой эле 2017-жылдын туристтик сезонунун алдында Кыргыз Республикасынын бул тармактагы потенциалын жогорулатуу максатында активдүү жана ар тараптуу иш аракеттерди көрүү боюнча тапшырмаларды берди.

“Былтыр күзүндө уюштурулган Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эң жогорку деңгээлде өткөрүлгөнүн казак боордоштор жана Алматы шаарында аккредитацияланган дипломаттар да белгилешти. Мындан сырткары Кыргыз өлкөсүнүн туризм тармагынын өнүгүшүнө салым кошуу максатында учурда бир катар иш-чаралар болуп, жайкы эс алуу үчүн Ысык-Көлгө чакыруу жана өлкөнүн эс алуу жайлары жөнүндө кеңири маалыматтарды берүүнүн үстүндө иштер жүрүүдө”, - деди Алымкулов.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун тейлөө округуна Казакстан Республикасынын Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустары кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан