Бүгүн Боспиек айылында Аксы окуясын эскерүү митинги өтөт

Бүгүн, Аксы окуясын эскерүү күнү белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта SUPER.KG порталына Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов билдирди.

"Бүгүн, Аксы окуясына 15 жыл толуп, эскерүү митинги өткөрүлөт. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ошондой эле Аксы районунун тургундары, жергиликтүү жашоочулар катышышат. 15 жыл мурда каза болгон балдарды эскерип куран окулат", - деп билдирди район акими.

Эске салсак, 2002-жылы 17-мартта Жерге-Тал айыл аймагынын Боспиек айылында Аксы окуясы болгон. Мында камакка алынган Азимбек Бекназаровдун тарапташтары буга чейин Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек айылдарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү жогорку чыңалуу чегине жеткен. Тартипти көзөмөлгө алган укук коргоо органдарынын кызматкерлери 17-март күнү Боспиек айылына топтолуп, Кербен шаарын көздөй бараткан 500дөй адамга каршы ок атып, 6 адам каза болуп, 80дей адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан