СУПЕРСТАН: "Жалгыздык жанга батты, кыз тапканымда мен деле үйлөнүп алмакмын"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бойдоктук жакшыбы же?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Мүмкүн болушунча эртерээк үйлөнүш керек, "ойноп алайын, кийин үйлөнгөндө токтотуп коём" десең жаңылышасың. Бойдокчулукта кандай болсоң, үйлөнгөндөн кийин ошол эле көрүнүш, келечегиңди ойлосоң, анда азыртан ойлон, бирөөнү гана сүйүүгө үйрөн".

"Бойдок жүргөнгө не жетсин? Кеңири басасың, турасың, "каяктасың, эмне кылып жатасың" деген сыяктуу аялыңдын адаты болгон сөздөрү жок болот".

"Биз, кыргыздар кызык элбиз, биринчи үйлөнүүнү чечип, анан кыз издейбиз, албетте, баары эмес. Үй-бүлө куруу олуттуу кадам, анан да анын өзүнүн түйшүгү бар: кантип багасың, каякта жашайсың? Алар көйгөй жаратпаса, өмүрлүк жарды туура тандай билүү керек. "Өмүр бою ушул адам менен жашай аламбы, сыйлай, барктай аламбы?" деп жүз жолу ойлонуу керек".

"Үй-бүлө куруп, турмуштун ысык-суугун көрүп, жашооң алда канча кызыктуу болсо керек. Ал эми бойдокчулукта окшош күндөр болгону менен, ашыкча маселеге баш оорутпайсың".

"Досум бар, бойдокчулуктун доорун бирге, жакшы эле сүрдүк го, чиркин. Ошол кезде эч кимге сөз бербейт эле "э, койчу, бойдок жүргөн жакшы" деп. Жакында эле үйлөндү, "муну билгенде эбак эле үйлөнүп алат элем" деп айтып калат, демек, үйлөнгөн жакшы".

"Жалгыздык жанга батты, бойдоктук жаман экен. Кана, кыз тапканымда мен деле үйлөнүп алмакмын. Түндөсү жаздыгымды кучактап жалгыз жатам. Жалгыздыктан ар кандай санаага батам. Бойдоктор, сиздерде да ушундай акыбалбы же жалгыз эле менби?"

"Үйлөнгөн жакшы, ишиң жүрүшөт. Кыздарга карай берген ж.б. ушуга окшогон адаттарың калат, далай күнөөлөрдөн арыласың. Уйкудан туруп, бети-колуңду жууп чыга электе, чай куюлуп, тамак даяр болот, бойдокчулуктагыдай өзүң суу кайнатып, "доширак" жасап жемей жок. Эркек үчүн уул төрөп берсе, башка дагы не керек? Жашоонун маңызы ушул экен".

"Жаштыгым кайтып келсе, турмушка чыкмак эмесмин" деп отурсам, балам чуркап келип, "апа, көтөрчү мени" деп бетимден өөп койсо, жүрөгүм жылып, оюм кайра өзгөрүп кетти".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (46)
bakulya2015
2017-03-19 16:34:56
Машина,той,видео жашоодо орун албайт эн негизгиси ыйман,тушунуу,ден соолук Ин Ша Аллах калганы боло берет
+8
bakulya2015
2017-03-19 16:38:19
негизи бироолордун жашоосуна карап атандашып жашабай озун шарттына карап иш кылсак баары жакшы болот.
+11
ozgeldi
2017-03-19 18:30:36
11ди бүткөндөн бери иштен кол бошобойт..бойдокчулуктун доорун деле сүргөндөй болбой жатам.
+8
ABDulHai
2017-03-19 18:50:03
Эгиндин эртеси жакшы дейтко...
Бир жагынан эрте үйлөнгөн жакшы көп күнөөдөн кутуласын...
+4
sirenaaaaa
2017-03-19 20:27:00
Айланайындарым аранарда уйлонуп, жолу болбой ажырашкан булбулдар болсо бизде гул бар 1987-жылы туулган, турмушка вообще чыга элек.Таластан болот, шаарда турат. Алда бактысын тапса дейм. Таанышууну каалагандар болсо купуяма кайрылсанар телефон номерин берем
+5
konurat.93
2017-03-19 20:36:57
Кыргызымдын кыздарынан айланайын. Баарыбыздын эне эжелерибиз убагында кыз болгон.
Кудайга шугур бизди тууп остурду эч нерседен кем кылбай. Сиздерге тазим аял заты. Мен деле суйлошкон кызым Москвада аларда жыргаганынан келбейтта. Кудай буйруса кузундо уйлоном
чырагыма баарыныздарды тойго чакырам. Биз эркектерден коз каранды кыздардын чет жака чыгышы.
Биз бир уйбулону эчнерседен кем кылбай багалсак алар да мандайыбызда отурмак чайын сунум ханым байым деп балдарды тарбиялап. Аял
+9
zevs
2017-03-19 21:02:22
konurat.93,akyrky kundoru owondoy uluu enelikke tatiktuu kyzdardin azayip bara jatkany okundurup jatpayby bolso kerek 20 prisent birok 80 pro sent buzulat elestet bironun ele bironun jeri al kyzdy zordop koyso dele ech kimge aryzdana albayt andan koro kyz balany birinchi turmuwka uzatuunu oykow kerek akcha taap kel dep ele Chet jerge jibere berbey
-3
arzygulR
2017-03-20 15:10:01
zevs,кыздарга коп асылбасан бойдок
отуп кетпе
0
konurat.93
2017-03-19 20:39:04
Аял затына чооооооон тазииииииммм
+5
zevs
2017-03-19 21:09:21
Azyrky kyzdar menen taanywsan akchany birinchi orunga koyot 1000 prosent. Sebebi alardin meesi ne akcha jazylyp kalgan. Kaysyl ata ene kyz balanyn tapkan baylygyna bayip ketiptir andan koro ata enen kyzynin kulagyna koyso turmuwka chyk dep kyz araket kilat. Demokratiya dep koy berdik azyr jurot talaalap kocho tentip ubakyt oto beretda erten kelet 30 ga chykkanda meni ech kim albayt dep. Anan kitay Turktorgo turmuwka chigat jeenderdi koboytup
-5
barakcha
2017-03-19 21:37:22
zevs,мынча нааразысын тагдырына?)))
+2
konurat.93
2017-03-19 21:12:13
Zevs. 80% кыздар жакшы ошо 20% бузулган кыздарга да биз кунолубуз ошол акчаны биз эркектер тапсак келбейт болчу да алар чет жака. Биро зордосо арыз жазсын палицияга мыйзам бар биз эркектер багалбаган учун кыздарын чет жака жиберип коюп аталары инилери агалары олтурушат уйундо кызым качан акча салат экен деп лолунун эркегине окшоп
+4
zevs
2017-03-19 21:17:36
Kep akchada emes kuday ar bir adamdyn jaratkanda iryskysy menen kowo jaratat eken biz owol iryskiga wugur kylgandy bilbey jatabyz
-3
barakcha
2017-03-19 21:39:27
zevs,Мынчалык куйуп бышканына караганда суйлошкон кызын карабай Москвага кетип калган го?))Сабыр кыл эми.
+5
zevs
2017-03-20 00:38:51
barakcha,negedir azyrky kyzdardin tarbiyasy adamdy jiyirkentetko owogo jinim kelet kadimkidey asmandan tuwkonsup suyloyt jakwy baykasan ayildagy ketmenchinin ele neberesi
-1
Kanzada97
2017-03-20 15:21:36
zevs,озун тарбиялап ал анда жийиркенсен, кором сен кыздуу болгондо кантип тарбиялайсын.
+1
zevs
2017-03-20 16:00:00
Kanzada97,moskvada okwoysun e chychalap kaldy.. Akylduu kyz uydo ele oturat tiya turgan jerin tiyip
0
lady.girl7997
2017-03-20 00:39:35
zevs, логикандан сенин! Ырыскысы менен кошо жаратат туура, бирок кудай ошол кыздардын ырыскысын Москвага жазып койгон экен иштеп, ырыскысын таап журушот. Сага окшош кем акылдар жашоодо, коомдо оз ордун таппай, ар кимди буттан чалып журот. Катынга окшоп наалыбай, ошол сен айтмакчы бузулуп кеткен кыздарды жакшы жолго салганга аракет кылбайсынбы? Бироону сындаштан мурун, кузгуго карап "мен киммин?"деген суроону берсен, башкаларга жетпейсин.(((
+3
zevs
2017-03-20 16:01:57
lady.girl7997,maga go baribir kaalasan tiginini achyp alyp kochogo chygyp ket. Men bolgon cbyndikty ele ayttim chyndik achuu bolot chychalagan chyn bolot
+1
konurat.93
2017-03-19 21:25:48
Zevs мекендеш макул ишине ийгилик кайда журбо кудай колдосун. Менин ырыскымды кудай Москвага сепкен экен Москвада терип журом дагы кооп теремго Москвадан ырыскымды
+6
Rifle_I
2017-03-19 22:52:33
Күнөөнү кыздарга иле бербей, эркектер өзүбүздү да карап алсак жакшы болот . Биз үйлөнбөгөн үчүн , кыздар тентип жүрөт. Мен го уже бирөөсүн алдым, бойдоктор силер да бирден алгыла. Акчаңар ашып жатса, экинчисин алгыла.
0
meni_kut
2017-03-20 12:06:11
Азыр гименопластика бар тиктирип бир жылгаче журо беришет.Москвада 20%таза,80 % "олгон" кыздар иштешет.Орустарга тенелип перекурга чыгышат тутотуп
+1
zevs
2017-03-20 16:02:35
meni_kut,en tuura kowulam
0
meni_kut
2017-03-20 12:07:24
ичет,чегет,ат чабат,зато журогу таза))))))
0
zevs
2017-03-20 16:04:55
meni_kut,at chapkany jamanda kyz selkasyn aldirgan erkektin geni kyzga otup kalat eken biliwimche kachandir bir kun senin ayalyn selkasyn aldirgan erkekke okwow torop koyso anda tagdirina naarazy bolboy ele koy sebebi jawoo uwunday baarin ele owonu koldop jatpaysinarby
0
Biinura
2017-03-20 16:51:38
zevs, ото акылдуу экенсин))). Сендеги акыл жердин тешигин жамайт))).
+1
nurik-95
2017-03-20 22:28:49
Буюрса менда жакында уйлоном агам уйлонгон тоюн бердик зангыратып элден топтолуп кошулалары кошулса эле тойду актап кетти ошондо ойлодум ушул жерде да Ата-Эненин активдуулугу эл сыйлап тоюна барып кошуп жургон мына минтип эми оз кезеги келгенде той эч бир кыйынчылыксыз эле отту кем керчиликсиз эн жогорку денгээл,уйлонгон оной жашап кетуу кыйын бир кызды кармап ошону менен суйлошуп анан козун жеткенде алыш керек экен,кочодон мал алып качкандай алып келбей.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан