Кыргыз мамлекетине Казакстандын өкмөтү тарабынан 41 миллион доллар бөлүү боюнча протоколго кол коюлду

Бүгүн, 17-мартта Москвада өткөн Евразиялык экономикалык биримдиктин комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосунда 41 миллион доллар бөлүп берүү тууралуу протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, техникалык жактан колдоо көрсөтүү жөнүндөгү 2016-жылдын 26-декабрындагы протоколдо мурун каражат 7 526 789 доллар деп жазылган. Жыйында ага өзгөртүүлөр киргизилген.

"Кол коюлган протоколго өзгөртүүлөр киргизилип техникалык жактан жардам берүүнүн суммасы 41 038 096 долларга чейин жогорулады", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда эки өлкө ортосундагы макулдашуу Евразиялык экономикалык интеграциянын шарттарында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган. Ал эми протоколдор Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге киришинде жол картасын түзүүгө 100 миллион доллар өлчөмүндө жардам көрсөтүү каралган. Макулдашууга ылайык, жардам этап менен бөлүнүп берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Blackmoon
2017-03-17 20:01:56
Эми ошол акчаны да чоңдор жешсин
+4
maks83
2017-03-17 20:25:25
ошондо карызга алганы жатабызбы
-1
nur_zhoni
2017-03-17 21:02:19
Атамбаев кетишине карата кобурок алып кетейин дегенго
+6
Kleopatra01
2017-03-17 23:26:46
Кыйратакансып 41 038096 долларга которулду дейт. 7 млн долларына тойбой калабыз дешкен го
+1
nuke1988
2017-03-18 00:31:30
Карыздын устуно карыз алып журуп кыргызстанды отургузуп кетет екенсинда Аша ХХХ
0
admin_portal
2017-03-20 10:35:48
nuke1988, кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
Эскертүү!
0
Kroxa
2017-03-18 01:06:03
Ийй алып эле жатышат же курган завод фабрика жок же элге жок жардам...
+2
zilish_kg
2017-03-18 03:24:20
Акыркы убакта мындай жанылыктарды окугандан да уялып калат экенсин... кайырчы мамлекет болуп калдыкко... тороло элек келечек муундардын моюнуна карыздар илинип....
+2
Usow
2017-03-18 03:51:52
Ошо айына 80-100 мин майана ала турган депутаттар жок болсо кыргызстан бат эле онугот элестет айына 80 минден зарплата алганда мамлекетти алар отургузбай карапайым эл отургузсунбу 80 000*120=9 600 000 болот озулору жеп тамам кылат
0
altyn7776
2017-03-18 16:07:32
Кобуроок жамандагыла дагы Казакстанды, кобуроок акча аласынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан