Сөз эркиндигине байланыштуу жөө жүрүш бүттү (фото)

13:14 Сөз эркиндигине байланыштуу жөө жүрүш бүттү.

13:06 Жөө жүрүштүн катышуучулары тарап жатышат. Учурда 30дай адам калды.

12:49 Каныбек Иманалиев милиция бөлүмүнөн чыгып келди. Калган балдар бир саатта бошотуларын айтты. "Бир саат күтөлү. Бирөөнү да камакта таштабашыбыз керек. Азыр кармалган балдарды чыгармайынча күтөбүз" деди депутат.

12:38 Жөө жүрүштүн катышуучулары Уркуя Салиеванын эстелигинин жанына токтошту. Иш-чара ушул жерден бүтөрү айтылды.

12:13 Равшан Жээнбеков: "Милиция кызматкерлери тарабынан кармалгандар мыйзам чегинде жооп беришет. Эч кимиси мыйзам бузган жок. Административдик айып салынышы мүмкүн", - деди.

12:08 Бир катар катышуучулар менен кошо Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевди дагы кармап кетишти.

12:05 Сөз эркиндигине байланыштуу жөө жүрүштүн катышуучусу Мавлян Аскарбековду милиция кызматкерлери күч менен автобуска салышты. Эл "Мавлянга боштондук!" деп кыйкырууда. Милиция кызматкерлери активист унаа жолуна чыгып кеткени үчүн кармалганын айтышты.

11:58 Жөө жүрүштүн катышуучулары Биринчи Май райондук сотунун имаратына келишти.

11:55 Равшан Жээнбеков жаштарга кайрылып: "Эгер бүгүн бизди камашса, эртең силерди камай башташат. Ошондуктан бизге кошулгула", - деди.

11:46 Жол кайгуул кызматы жөө жүрүштүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыздап жатышат.

11:37 Жөө жүрүшкө Алмамбет Шыкмаматов менен Каныбек Иманалиев кошулушту. Катышуучулар Медеров көчөсүнө басып келишти.

11:22 ММКлардын эгемендүүлүгү жана сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүшкө чыккандар Байтик Баатыр көчөсү менен түндүктү карай басып келе жатышат. Ахунбаев көчөсүнө келип калышты.

11:15 Жөө жүрүштүн катышуучулары ооздоруна скотч чаптап алышты. Алар колуна "Азаттыкка азаттык", "Атамбаев сөз эркиндигинен колуңду тарт!" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп алышкан.

10:44 Сөз эркиндигине байланыштуу жөө жүрүш башталды.

10:40 Жөө жүрүштүн уюштуруучусу Э.Байсалов менен милиция кызматкерлери кайым айтышты. Байсалов: "Биз колонна түзүп Абдрахманов көчөсү менен жөө жүрүшкө чыгабыз. Эч кимге тоскоолдук жаратпайбыз. Милиция биздин коопсуздугубузду камсыздап бериши керек", - деди.

10:38 Милиция кызматкерлери дагы келишти. Алардын бири катышуучуларга "Силер унаа жолу аркылуу эмес тротуар менен жөө жүрүш жасагыла. Башка жөө жүргүнчүлөргө тоскоол болбогула", - деди.

10:36 Иш-чарага 100дөй адам чогулду. Арасында экс-депутат Равшан Жээнбеков, "Вечерний Бишкектин" мурунку ээси Александр Ким бар.

10:35 Жогорку Кеңешинин депутаты Аида Салянова: "Мен депутат катары эмес, жөнөкөй жаран катары келдим. Уюштуруучулардын сөз эркиндигин коргоо ураанын колдойм", - деди.

10:30 КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев үй-бүлөсү менен келди.

10:26 "Ата Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко келди.

10:19 Жарандык активисттер Мавлян Аскарбеков, Адил Турдукулов, укук коргоочу Динара Ошурахунова келишти.

10:10 Жөө жүрүшкө катышуу үчүн укук коргоочулар Рита Карасартова, Өндүрүш Токтонасыров, Эдил Байсаловдор келишти.

10:00 Иш-чаранын катышуучулары Д.Асанов атындагы Жеңиш сейил багына чогулушууда. Алар жөө жүрүш менен "Ала-Тоо" аянтына барышары белгилүү болду.

Бишкекте бүгүн, 18-мартта сөз эркиндигине байланыштуу журналисттердин жана укук коргоочулардын катышуусунда жөө жүрүш өтөт.

Эске салсак, Башкы прокуратура "президент Алмазбек Атамбаевдин беделине шек келтирди" деп Азаттык менен Заноза.кг сайтын сотко берип, эки ММКдан жалпы 26 миллион доллар төлөтүүнү талап кылган. Андан кийин КСДП партиясы "кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирди" деп 24.кг маалымат агенттигин жана укук коргоочу Рита Карасартованы сотко берип, бир миллион сомдон өндүрүү боюнча арыз жазган.

Депутат, активист, журналисттерди милиция кармап кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Gena1
2017-03-18 11:02:38
Митингге, жоо журушко чыккандан башка иши жоктор. Андан коро чогулуп калыпсынар ишембилик откоруп, ошол басып жургон жеринерди тазалап койсонор болмок экен.
-34
ainur78007
2017-03-18 11:23:27
Gena1,сен чык ишембиликке.азыр соз эркиндигибизди жоготсок,эртен озундун эркиндигини жоготосун ошондо ишемби куну эмес,кунуго чыгып калып журбо ишембиликке
+27
Samina007
2017-03-18 12:12:38
ainur78007,чыксак чыга беребиз ишембиликке күнүгө.өзүмдүн жеримен жашаган минутам эмес секундамы аябайм.сөз эркиндиги болот жана боло берет.журналистер өздөрү бар нерсени жок а жок нерсени бар деп калышкан акыркы мезгилде
-21
Jaloshtalnarisbatchui
2017-03-19 10:22:25
ainur78007,Сен соз эркиндиги деп , Азимжанга демократия деп Кыргыз элинин кыжырына тийген Азаттыктын позициясын айтып жатасынар да.... Америкада же Европада полиция кызматкерин олтуруп демократия дей аласынарбы......ХХХ ХХХ
0
admin_portal
2017-03-20 10:45:49
Jaloshtalnarisbatchui,
1. Кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз.
2. Провокациялык билдирүү калтырууга тыюу салынат!
0
tatynaaiym
2017-03-18 11:24:20
Жанар Акаевге эмне жок,чыныгы ХХХ экенго.Оа,Эми биздин колдон митингден башка эч нерсе келбейтко,кыйратып койгонсуп.Куйгузду ушу митингчилер тынч жашоо жок,кылаарга башка иши жок бекерчилер.Башка толтура маанилуу иштер турат,билимдуусу деле Ошо ХХХ.
-7
admin_portal
2017-03-20 10:46:20
tatynaaiym, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуӊуз.
0
tatynaaiym
2017-03-18 11:34:45
Рас кылат сотко берип,мен Президентти колдойм антпесе бардак,ар Ким оюна келгенин чынбы чын эмеспи тактабай туруп эле озунчо Сот,Прокуратура болуп алышат жамандайт десе эле Бир жолу болушунча шыбап.Кудай алдында жооп беришин билбейт.Гезиттин баары ушак адамды жакшы жакка угуттогон маалымат бергендин ордуна чындык деп эле Бир жолу этиканы жоготуп коюшат.ММК 4-бийлик деп айтылат,ошондуктан журналисттер да элдин жашоосуна жооптуу.Ойлонуп,элди ойлоп суйлош керек бироонун заказын аткарбай!!!
-23
tynara81
2017-03-18 12:42:28
tatynaaiym,балык башынан сасыйт. Ажо болмушубуз өзү такталбаган маалыматтар менен камап, эч кимди ооз ачтырбай калды го.
+14
kyrgyz.kg83
2017-03-18 11:40:42
Балашка аташкага ортонку колун корсототко жакында,аша ушакты озу азырак суйлосо мындай болбойт еле
+29
Samina007
2017-03-18 11:55:10
ММКлар чындыгында ушакчы болуп калышты эле.мойнунарга алсанар деле болот.информационная война эсинердеби осетия грузия менен согушун. аларга россия согуш ачкан грузияга дешип Ммклар чаташтырышкан
-20
nemo2016
2017-03-18 12:15:50
Samina007,атамбаев ушактаса журналисттер жазды анан атамбаев чычалады
+22
muzibrat93
2017-03-18 12:32:17
Kysyp ele jashailychy yzy chuu myzy chuu. Degenderdi kyrgyzdar jakshy korobuz ne ekenin bilbeim
-10
Asedullah1996
2017-03-18 12:39:57
Соз экиндиги коркунучта экени билинип турат.Саясий куугунтукка чек койбосо эл кучтонот,Дурболон коркунучу бар аягы жакшылык менен бутпойт.
+21
tynara81
2017-03-18 12:45:36
Атамбаевдин бийликтин кетишин ушунчалык каалайм. Андан кийин ким болушу кызыктырбайт анча. Ким болсо да АШАдан түзүгүрөөгү келет деген үмүттөмүн. Өзүбүз шайладык дээрсиңер, мен шайлаган эмесмин. Бизде таза шайлоо болбойт. Жакынкы эле мисал, референдум.
+24
Aiperi9787
2017-03-18 19:23:31
tynara81,чыдап тур жакында кетет!
+5
CEO
2017-03-18 21:01:27
Aiperi9787, Атамбаевди болгону бир ууч адам шайлаган акчага сатылган. Алар да коп болсо 10-15%, анан да "жээндер" шайлаган. Калган эл Атамбаевди шайлаган эмес. Атамбаевдин Фарид Ниязов сыяктуу акылдуулары Бишкекте отуруп эле шайлоо жыйынтыгын бурмалап Атамбаевди жок жерден президент болду деп жарыялап жиберишкен. Чын-чынында Атамбаев Отунбаева сыяктуу ХХХ президент!!!
0
aibars
2017-03-18 13:11:42
Атамбаев кача турган олконду камсыздай бер. Качан тынч жашайт экенбиз. Ушул эгемендикти алгандан бери тынч жашай албай койдукко.
+17
tatynam_88
2017-03-18 16:18:56
aibars,качканга эмес жооп бергенге даярданышы керек.качырсак Ашага жыргал болот.урдап койгон байлыгына маашырланып жатабы?аны суракка алышы керек
+4
aibars
2017-03-18 17:02:42
tatynam_88, Качырбай сыйрытмак салыш керек кекиртегине.
+5
CEO
2017-03-18 21:04:20
aibars, Атамбаев менен анын жан-жокорлорун баарын камап жегендерин бут кустуруш керек. Жаман уйронушту миллиардларды элден уурдап же элдин атынан карыз алып миллиарддап, ал карыз акчаны Швейцария же башка офшордук банк ячейкаларына которуп коюп эл кубаласа качып кетууну адат кылышып....
+5
almazbei
2017-03-18 13:59:21
Тундук корея болобузбу эми ?!
+5
Zhenishbek.kyrgyz.2014
2017-03-18 14:31:05
Азыркы бийлик аша чабып кетти. Атамбаев ушундай ыплас жолдорго барышына бир себеби бар. Атамбаев кыңырт иштери бар экенин айгинелеп турат. Азыркы кылган кадамдары. Эл алдына чыгып бир топ жалган сөздөрдү айтып элдин көңүлүн бурган га аракет кылды. Эл ишенбейт. Эки бийлик тең канституця өзгөргөндөн кийин туура эмес жолго түшкөнүн. Анткени өздөрүн кыңырт иштерин жабыш үчүн өзгөрткөн. Атамбаев ошондой жол менен баратат. Эртең ушул жерде Атанбаевди сындагандар дын суракка чыкырса таң калбайм.
+8
Aiperi9787
2017-03-18 19:26:53
Zhenishbek.kyrgyz.2014,Атамбаев жакшы эле иштеп жатат!!!!! Жакшы иштегендерди коро албайсынаргоо чиркин!
-6
Abubakir0407
2017-03-18 15:31:38
Кудага шугур эл жакшы эле жашап атат бийликтегилер оздору м н оздору келише албай ортодо элди эле кыйнап атат да
-3
Abubakir0407
2017-03-18 15:35:37
Аллахым бир дагы адамды кылган куносу учун жазасыс калтырбайт
-1
Aza96
2017-03-19 00:50:26
Кудайга шугур кылалы СССРдин убагында соз эмес динине да кысым болгон азыр арким каалосундагыдай жашайт и суйлой. Бугунку журушко катышкандар жаап жакшынакай болуп уйдо эле отургулачы саясат эч качан туз жолго алып барбайт .
-4
admin_portal
2017-03-20 10:51:24
Eksvp_1, такталбаган маалыматты жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан