Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн делегациясы Орусия Федерациясынын Москва шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 73-жыйынынын ишине жана "КМШ – келечекке көз караш" аталышындагы эл аралык экономикалык форумуна катышты. Бул тууралуу 18-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Аталган эл аралык иш-чарада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясын вице-премьер-министр Олег Панкратов жетектеди. Жыйынында инновациялык кызматташуу, миграция, радионавигация, транспорт жана айыл чарба тармагы боюнча маселелер каралды.
Форумда сөз сүйлөгөн вице-премьер-министр Олег Панкратов КМШ эң маанилүү маселелерди талкуулаган, эл арасында тыгыз кызматташтыкты сактап турган, ЖККУ, ЕврАзЭС сыяктуу КМШ жалпы мейкиндик сактап турган, аны менен катар Бажы биримдигине жана ЕАЭБ ыңгайлашкан жалпы аянт болуп кала бере турганын баса белгиледи. Вице-премьер-министр Олег Панкратов ошондой эле 2017-жылы Кыргыз Республикасы ЕАЭБге төрагалык кылуусунун приоритеттүү багыттарын айтып берди.
Форумга Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Игорь Шувалов, Казакстан Республикасынын премьер-министринин биринчи орун басары Аскар Мамин, Аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышты.