Бишкекте бүгүн, 18-мартта сөз эркиндигине байланыштуу өткөн жөө жүрүштө милиция кызматкерлери тарабынан кармалгандар чыгарыла элек. Аларга протокол толтурулуп, учурда Свердлов райондук сотуна алып барып жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына активист Мавлян Аскарбеков билдирди. Кармалгандардын арасында М.Аскарбековдон сырткары Айбек Мырза, Расул Мамбеталиев, Адил Турдукулов жана Мухит аттуу жаран бар.
Маалыматка караганда жөө жүрүшчүлөр менен кармалган депутат Каныбек Иманалиев менен Би-Би-Синин журналисти ички иштер башкармалыгына баргандан кийин бошотулган.
Бул боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы: "Жөө жүрүшкө чыккандар Байтик баатыр көчөсү менен тротуарда келе жатышкан. Бөкөнбаев көчөсүнө жеткенде ички иштер органдарынын кызматкерлеринин эскертүүсүнө карабай катышуучулар коомдук тартипти бузуп, унаа жолуна чыгып кетишти. Мындан улам милиция кызматкерлери тарабынан 5 жаран кармалып, Свердлов РИИБине алынып келинди. Аларга административдик материал түзүлдү. Ал кароо үчүн Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүлүп берилет", - деп билдирди.