Бишкекте Исхак Раззаковду эскерүү кечеси болду

Бүгүн, 18-мартта Бишкектеги окуу жайлардын биринде Исхак Раззаковду эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага студенттер, мектеп окуучулары, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, "Раззаков" көркөм тасмасынын жаратуучулары катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкектеги ЖОЖдордон жана мектептерден келген командалар "Раззаков" темасына арналган интеллектуалдык оюнга катышышты. Жеңүүчүлөргө Республикалык "Исхак Раззаков" фонду тарабынан белектер ыйгарылды.

Белгилей кетсек, коомдук ишмер жана тарыхый инсан Исхак Раззаков 19-мартта дүйнө салган. Иш-чаранын негизги максаты жаштардын арасында Раззаковдун өмүрүн, ишмердүүлүгүн даңазалап, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого салым кошуу болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
barsbegKG
2017-03-19 05:10:26
Қырғыз қалқынын ичинен дағы да Раззаковдой улуу инсандар чығат деғен ишенимден эч қачан үмүт үзбөйлү...
+4
HAPPY.GIRL
2017-03-19 13:03:59
Сен таза болсон,мен таза болсом коом таза болот!!! (Исхак Разаков)
+2
KGstan1981
2017-03-19 15:31:41
Бакиев кезинде Кызыл-Кыя шаарындагы перекресткасында Исхак Разаковтун банери илинип турчу эле мерси бар мультимилионер бийликке келгенден бери мультимилионер Атамбаевтин банери илинип калды .
+3
tulpar90
2017-03-19 16:46:06
KGstan1981,Бакиев менен Атамбаевди салыштыруу мүмкүн эмес. Себеби Бакиевд чыныгы ажо болгон.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан