Бүгүн, 19-мартта Улуттук илимдер академиясынын Ботаникалык багында “Чөл падышалары” аттуу көргөзмө өттү. Анда суккулент өсүмдүктөрүнүн көптөгөн түрлөрү көргөзмөгө коюлду. Иш-чараны Ботаникалык бак "Арча демилгеси" жана "Ырыстан" коомдук фонддору менен биргеликте уюштурду.
Маалыматка караганда ботаникалык бактын коллекциялык фондунда тропикалык жана субтропикалык өсүмдүктөрдүн 400гө жакын түрү бар. Аталган бактын илимий кызматкери Татьяна Пашина: "Өсүмдүктөр турган оранжереяда кышкысын аба ырайы +5 жана +12 С◦ болуп турат. Кыргыз жеринин климаты суккуленттер менен кактустардын өсүшүнө жакшы таасирин тийгизет. Суккуленттер тибине кирген өсүмдүктөр кургак климатта жакшы өсөт. Анткени анын жалбырактары түзүлүшү боюнча нымдуулукту көп убакытка чейин сактай алышат", - дейт .