Нарын облусунун Ат-Башы районуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими алына элек. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ат-Башы районуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими алына элек. Азырынча жол тазаланып бүтө элек. Учурда тазалоо иштери жүрүүдө. Жол каттамы 25-марттан кийин калыбына келтирилет. Анткени кар калың болуп жатат. Айылдын ички жолдору да тазаланып жатат. Ак-Сай айылынан Торугартка баруучу жолдун 50 чакырымы тазаланды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, 16-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районуна өзгөчө кырдаал киргизилген.