Тогуз-Торо районунда кар көчкүдөн улам жабылган унаа жолу ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда 19-март күнү болжол менен саат 14:00 чамасында Казарман-Акталчат унаа жолунун 18-чакырымындагы Ак-Союл тилкесине болжол менен 12 миң метр куб, ал эми 44-чакырымында 14 миң метр куб кар көчкү түшүп, жол жабылган.
Ошол эле күнү №18-жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 2 бульдозер техникалары тартылып, тазалоо жумуштары жүргөн. 20-март түнү саат 03:00дө жол каттамы толугу менен тазаланып ачылган.