Эртең, 21-Март - Нооруз майрамына карата республика боюнча коопсуздукту камсыз кылууга 6 миң милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2 миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Мындан тышкары борбор калаанын айрым көчөлөрүндө унаа кыймылы чектелет:
Ошондой эле майрам күнү эл көп топтолгон жерлер курчоого алынат, ар бир жаран көзөмөл-өткөрүү пункттарынан өтөт. Ички иштер министрлиги жарандардан киргизилип жаткан чектөөлөрдү туура түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.