Бишкек-Ош унаа жолундагы кар көчкүлөрдү атайылап атып түшүрүү иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда Бишкек-Ош унаа жолунун коопсуздугун камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында, 19-марттан 24-мартка чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Мындан улам кар көчкүнү атып түшүрүү иш-чаралары бүгүн, 20-мартта башталды.