Анкарадагы кыргыздар өткөргөн иш-чарага вандык кыргыздар катышты

Анкарадагы кыргыздар кечээ, 19-мартта Ноорузга карата иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу Анкара студенттик кеңешинин президенти Өмүрбек Орункулов SUPER.KG порталына бүгүн, 20-мартта билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Анкаранын Чубук районундагы сейил бактын биринде болуп, ага Чубукка отурукташкан вандык кыргыздар да катышты.

"Бул салтанат Анкарадагы кыргыз студенттик кеңеши тарабынан элчиликтин жардамы менен өткөрүлдү. Майрамдык салтанатка вандык кыргыздар да активдүү катышты. Сейил бакка боз үй тигилип, майрамдык дасторкон жайылды. Студенттер даярдаган сүмөлөк жакшы тилектерден соң ачылып, келгендерге таратылды. Жергиликтүү кыргыздар, студенттер ар түрдүү улуттук оюндарды ойноп, көңүл ачышты", - дейт Өмүрбек Орункулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан