Бишкекте "Сүмөлөк-2017" фестивалында 40 казан сүмөлөк кайнатылууда

Бүгүн, 20-мартта Бишкектеги Көк-Жар конушундагы этнокомплексте "Сүмөлөк-2017" фестивалы башталды. Иш-чаранын жүрүшүндө боз үй тигилип, 40 казан сүмөлөк кайнатылып, 40 кой союлат. Мындан сырткары боорсок, май токочтор бышырылууда. Фестиваль ата-бабаларга багышталып куран окуу менен ачылды.

Этнокомлексте атайын сахна даярдалып, манасчылар өнөрлөрүн тартуулап, бийчилер "Кара жорго" бийин аткарышты. 40 атчан жигиттер сахнанын алдындагы боз үйдүн түндүгүн көтөрүп, Умай эне алас айтып, чогулган эл тилектерин айтышты.

"Кыргыз 40 уруудан куралгандыктан, 40 казан сүмөлөк кайнатып жатабыз", - дешет уюштуруучулар.

Салтанатка коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов, Эмилбек Каптагаев, Чолпонбек Абыкеев, Карганбек Самаков жана Каныбек Осмоналиев катышууда.

Бишкектеги "Сүмөлөк" фестивалы - 1 (20-март, 2017)
Бишкектеги "Сүмөлөк" фестивалы (20.03.2017)
Бишкектеги "Сүмөлөк" фестивалы-2 (20-март, 2017)
Бишкекте 40 кой союлуп, 40 казан сүмөлөк кайнатылууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Artur555
2017-03-20 12:57:51
Сонун го
0
ekaterinburg
2017-03-20 13:03:24
Обедке ошол жака барыш керек экен.
+1
asan08
2017-03-20 13:13:12
Тилеген ой максатынар орундалсын
0
Parish
2017-03-20 13:13:37
Кыргыз элимдин жанырган жаны жылы,баардыгына жакшылыкты,токчулукту,молчулукту,тынчылыкты
алып келсин.Оомийин!
+1
travma
2017-03-20 13:53:26
Соз жок Азаматсынар
0
Malik92
2017-03-20 21:47:37
Нооруз Кыргыздардын да, Мусулмандардын да майрамы эмес. Отко кунго сыйынуучулардын майрамы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан