Шиш така кийип, макияж жасоо кыз-келиндерге гана тиешелүү деп билебиз. Бирок бул ирет эркектер да мындай образ менен көпчүлүктүн алдына чыкты. Бул көрүнүш Лондондо өткөн 5 күндүк мода жумалыгында орун алды.
Модель жигиттердин айрымдары сакалдарын түстүү кылып боёшкон. Жигиттерге подиумга учтуу баш кийим жана учтуу кийимдерди кийгизип, макияж жасап чыгарган футуристтик образды берген дизайнер - Жек Ирвинг.
Жек Ирвинг мода дүйнөсүнө башкаларга окшобогон кийимдерди чыгаруу менен белгилүү. Бул жолу да анын көрсөткөн кийимдер топтому чуу жаратты. Дизайнер өзү бул образды "Искусствонун галактика аралык чыгармасы" деп атаган.
Ал X-Factor шоусу үчүн бир канча жолу кийимдер топтомун даярдаган. 2005-жылы Леди Гага үчүн "тикенектүү көйнөк" тигип, дизайнерлерден айырмаланган.