Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылында тургундардын жаш козу, эчкилери эмне дарттан улам өлүп жатканы аныктала элек. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта мал доктур Жумабек Колхозбеков SUPER.KG порталына билдирди.
Эске салсак, буга чейин аталган айылдагы козу, эчкилер белгисиз ылаңдан улам өлүп жаткандыгы маалымдалган. Нарындагы лаборатория малдын бул дартын аныктай албагандыктан, өлгөн малдардын канынын үлгүлөрү бир апта мурун Бишкекке жөнөтүлгөн.
"Учурда малдын өлүмү бир аз азайып калды. Мал сарайларды дезинфекциялап жатабыз, малдардын кайсы ылаңга кабылганы азыркыга чейин белгисиз. Бишкектен дартты аныкташа элек, айылдагы мал доктурлар кой-эчкинин шарп оорусу деп божомолдоп жатабыз. Бирок ооруга кабылган кой-эчкинин баары аксап калууда. Негизи бизде малдын илдеттерин аныктоо абдан жай", - деди Ж.Колхозбеков.
Бул арада мындай кырдаал Токтогул районундагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Токтогул шаарында да орун алганы маалымдалган.
Анда окурман "Оору белгисиз. Ар бир короодон 20-30дан ашык козу өлдү. Дагы деле токтой элек. Минтсе быйыл абал оор болот. Мал доктурлар ушунча козу өлгөндөн кийин келишти, бирок эмнеден экенин билбей жатышат. Кечээ койлордон анализге керектүүлөрдү алып Бишкекке кетишти", - деп билдирген.