Кочкор районунда 2 мектептин мугалимдеринин маянасы кыскарып, иш таштаганы жатышат

Кочкор районунун 2 мектебинин мугалимдеринин маянасы кыскарып, иш таштаганы жатышат. Бул тууралуу мугалимдер SUPER.KG порталына бүгүн, 20-мартта кабарлашты.

Эскерте кетсек, өткөн жылы Кочкор районунун Арсы жана Семиз-Бел айылдары бийик тоолуу аймакка кирүүгө 10 метр жетпегени үчүн мугалимдердин айлык акысы 20 пайызга төмөндөгөн. Ал эми мугалимдердин айтымында, алардын маянасы 20 пайыздан да көп суммага кыскарган.

Семиз-Бел айылынын мектебинде математика сабагынан берген Темирбек Эсеналиев буга чейин 14100 сом алып келсе, учурда 7900 сом алып баштады.

"Эмгек стажы көп болгондордун айлык акысын 30 пайызга кыскарттык дешти, бирок меники 50 пайызга жакындап жатат. Райондун борборундагы бардык мектептердин окутуучуларынын айлык акыларын "бийик тоолуу аймакка кирбейсиңер" деп 10 пайызга кыскартышыптыр, ал эми биздики андан да көп го. Бизден 2-3 чакырым алыстыкта жайгашкан мугалимдердин акылары биздикинен көп экен. Эгер айлыгыбыз ушул бойдон калса, ошол айылдарга барып эле иштесемби деп жатам", - дейт Т.Эсеналиев.

Бул мектептен тышкары Арсы айылынын да мугалимдери айлыктын кыскарышына нааразы. Эки айылдын мектептерине мугалим жетишпегендиктен, башка аймактардан да келип иштегендер бар. Алардын бири математика сабагынын мугалими Айнура Султанбек кызы.

"Мен Кочкордун борборунан Семиз-Белге барып-келип иштейм. Өзүм жалгыз бой энемин, ата-энемдин үйүндө жашайм. Мурун 9000-9500 сом айлык алсам, азыр 6 миңге түштү. Бул акчаны каякка жеткирем? Баламдын бала бакчасына, жол киреме, түшкү тамактанууга, жашоо-тиричилигиме 6 миң жетпейт. Мурунку алып жүргөн айлыгымды да, араң жеткирчүмүн", - дейт Айнура Султанбек кызы.

Аталган айылдын мектебинин директору Асыл Сулайманова мугалимдер бир сааттык митингге эскертүү иретинде чыгышты.

"Бүгүн мугалимдер саат 10дон 11ге чейин нааразылык митингине чыгышты. Мектепте 26 мугалим, 22 жумушчу бар. Бардыгынын айлык акылары кыскарып, жумуш таштайбыз деп жатышат. Эң аз алганы 1800 сом болуптур", - деди директор.

Ал эми Кочкор райондук билим берүү башкармалыгынын өкүлү Венера Ибраева бул нааразылык тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

"Кыскартуулар токтомго ылайык болду. Бул эки айыл Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №377-буйругундагы бийик тоолуу аймактарда жана шарты катаал алыскы аймактарда жайгашкан айылдардын тизмесине кирбей калган. Буга чейин Жогорку Кеңешке бул айылдарды тизмеге киргизүүнү суранып кат жөнөткөнбүз", - деди В.Ибраева.

Кочкор райондук билим берүү башкармалыгынын башкы бухгалтери Диля Өмүрканова жаш мугалимдердин маяналары 20 пайызга, ал эми көп жыл иштегендердики токтомго ылайык, 34,6 пайызга кыскартылганын билдирди.

Мугалимдердин жана мектеп директорунун айтымында, алар бул маселе боюнча Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго жана депутаттарга кайрылышканы менен, майнап чыкпай келет. Алар тоолуу, шарты катаал аймакта жашап, иштешкенин эл өкүлдөрү эске албай жаткандарына нааразы экенин айтышты.

"Бийик тоолуу аймакка кирүү үчүн 10 метр жетпей калат экенбиз. Эгер айлыгыбыз ушул бойдон калса, жумуш таштоого аргасызбыз", - дешти мугалимдер.

Мугалимдер: "Иш таштоого аргасызбыз"
Кочкордогу мугалимдер иш ташташат
Кочкордун мугалимдери маянанын кыскарышына нааразы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
zevs
2017-03-20 16:07:23
Algaa Jaz keldi meeting bawtaldyy
+3
kyrgyz.kg83
2017-03-20 16:12:05
Откондо бир жепутат орточо айлык 13600деп айтыле,бул жагын кандай тушунсо болот,120сын тен ощол айылга айдаш керек,
+3
Bolunbo.kyrgyz
2017-03-20 17:14:19
120 депутат болсо 20сы кичине иштесе керек калгандары келип кетип бир жерди корсоле жей калмай элдин камын деле ойлошпойт элдер мигрант болуп кетип атышат алар менен деле иштери жок бири бирин чукумай кыскасы оздору менен оздору алек ай кой деген ажообуз жок
+4
KGstan1981
2017-03-20 17:14:32
Мерседеси бар мультимиллионер Атамбаевтин кара жашиги КТРКдан тим эле болбой мактанышты элего мугалимдердин айлыктары 4 эсеге кобойду деп.Кана чындык ((((
+5
Salimboy
2017-03-20 18:06:27
Окмот депутатар наалат алып талыкпас ооруга жолуксундарчы билип туруп билбегенге алгандар Кудайым жазанарды берсин ылайым элибиз кыйналдыго чиркин.
+3
kenjebek_a
2017-03-20 18:38:54
Чыныбайга кайрылдык деп,аны менен эшектин тушоосу да чечилбейт.Ажобуз озу европада мугалимдердин айлыгы балан пайызга которулду деп жалган айтып жатса.Негизи СДПК элди ойлоп маселени чечет дегендер отто терен жанылышат.
+3
almazbei
2017-03-20 20:53:57
20% дан кыскартбай кайра ошончо пайыз кошуп бериш керек , алган айлыгы эмнеге жетмек тообо , кечее куну эле шеф европада мактанды элего 4 эсе которулду деп ?!
+3
bakulya2015
2017-03-20 21:46:51
Мугалимдер айлыгын жакшы эле которуш керек анткени Аша,каша,маша баары биринчи мугалимден сабак алатда билими терендейт. Анан 120 депутатты жонундо айтайын дегеним. Негизи ашыкча иштебегендерди жок кылыш керек себеби кундо эле бирини бири чукумайда арызданып тиги мынтти антти деп тооба кылдым андан кору элди аралап иш кыл элге жардам бер аз болсода,ал жерде отуруштан уялбайбы дейминда,арасында иштегендерда бар бирок аз да. Аларгада бир мыйзам киргизиш керек экен иштебесе жок кылмай кылып
+3
babushka1510
2017-03-21 11:39:49
Мугалимди айлыгын которуп анан алып калуу керек. Илгери эн биринчи космонавтар таалимди жопжонокой мугалимден алышкан деп ырдайт элек. А тамгасын тааныткан илим билимдин жолун ачкан депутатка президентке тамга тааныткан мугалимдин айлыгын кобойтуш керек деп ойлоймун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан