Кения Республикасындагы Батыш-Тсаво улуттук паркындагы жапайы жаныбарлар суунун жоктугунан жабыркашат. Кургакчылыктын жапайы жаныбарларга тийгизген зыянын жакшы билген жергиликтүү фермер Патрик Килонзо Мвалуа парктагы жаныбарлардын өмүрүн сактап келүүдө. Ал бир күндүн бир канча саатын жаныбарларга суу ташуу менен өткөрөт.
"Бизде биз көнүп калган жамгыр жаабай калды. Ошондуктан мен жапайы жаныбарларга суу ташый баштадым. Эгер антпесем алар өлөт. Парктын эч бир жеринде суу жок, алардын өмүрү адамдардан көз каранды", - деп билдирген Мвалуа чет элдик басылмаларга. Ал паркка келген сайын жапайы жаныбарлар алдынан тосуп чыгышат.
Боорукер фермердин жаныбарларга болгон сүйүүсү америкалык айымдарды катуу таасирлентип, Мвалуанын короткон чыгымдарына каражат топтоо үчүн фонд түзүшкөн.

Мвалуа болсо жаныбарларга ар дайым колунан келген жардамын берүүнү уланта турганын айткан.
Ал жапайы жаныбарлардан ыраазычылыкты жана сүйүүнү байкайт.