Жалал-Абадда кошумча 10 Патрулдук милиция кызматкери ишке киришти

Бишкек-Ош трассасындагы жол кырсыктарын азайтуу максатында Жалал-Абад ОИИБи тарабынан кошумча Патрулдук милиция кызматкерлери иштей баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 20-мартта Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков маалымдады. 2017-жылдын алгачкы 2 айынын жыйынтыгы боюнча, аталган облуста жол кырсыктары 2,1 пайызга өскөнү айтылат.

"Жыл башынан бери жол кырсыгынан каза тапкандардын саны 92,8 пайызга өстү, тагыраагы 14төн 27ге өскөн. Жаракат алгандардын саны 9,6 пайызга өстү. Негизинен Жалал-Абад облусунда жол кырсыктары Ош-Бишкек жолунда катталат. Буга трассадагы Патрулдук милициянын штаттык бирдиги кыскаргандыгы, айдоочулар менен алдын алуу иш-чаралардын жүргүзүлбөгөнү себеп. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы ИИМге кайрылып, бүгүнкү күндө 10 патрулдук милиция, 5 кызматтык унаа бөлүнүп берилди. Менимче, бул жол кырсыктарынын кыскарышына шарт түзөт", - дейт Жалал-Абад ОИИБинин жетекчисинин орун басары Марат Хажиматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
elchi84
2017-03-20 18:12:34
10 патрулдук милиция эмес жолду жамасанар боло яма окоп болуп кеттиго элдер ошол чункурдан качабыз деп авария болуп жатышат.
+2
Beka1986
2017-03-20 22:08:38
elchi84,туура айтасын,креслого,дарбаза,килем сатып алганы миллиондоп коротушат Жогорку Кенеш.Жолго,элге конул бурган депутат жок.
0
Shekeev969798
2017-03-21 01:33:09
ЭЭЭ тууугандар Жалал-абад деген жер бейиштин озу да элдери мейман дос адамдары жонокой, Шаары таза, КР областарынан эн жакшысы Ж-абадта озу


+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан