Бишкек шаарында Нооруз майрамына карата кызуу даярдыктар көрүлүп, шаар ичи кооздукка бөлөндү

Бишкек шаарында Нооруз майрамына карата кызуу даярдыктар көрүлүп, шаар ичи кооздукка бөлөндү. "Ала-Тоо" аянтына боз үй тигилип, маданий иш-чаралар үчүн сахна жасалгаланды. Ошондой эле боз үйдүн жанына казан орнотулуп, элет турмушун чагылдырган көрүнүш даярдалды. Жаштар үчүн селкинчек жасалып, салтты улай ырдап-бийлегенге шарт жаралууда. Борбордук аянтта эс алуучулар үчүн сүрөттөр топтому орнотулду. Мында калкты эмгекчилдикке, мекенди сүйүп, каада-салтты бийик тутууга үндөгөн сүрөттөр коюлган.

Майрам алдында тазалык кызматкерлери аянтты тазалап жууп чыгышты. "Ала-Тоо" аянтынын түштүк тарабына 100гө жакын жаш арчалар отургузулду. Даярдыктар башталгандан тарта эс алуучулардын коопсуздугу үчүн Чүй кең көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик булварына чейин атайын тосмо коюлуп, каттам токтотулду. Мындан сырткары Өкмөт үйүнүн алдына дагы эки боз үй тигилип, сахна даярдалды.

Нооруз майрамын өткөрүүгө Бишкек шаардык мэрия бир катар даярдыктарды көрүүдө. Түнкүсүн атайын жарык берүүчү лампалар менен түрдүү түзүлүштөгү кооздуктар жасалгаланды.

"Ала-Тоо" аянтындагы Ноорузга даярдык
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
ABDulHai
2017-03-20 23:14:07
Өнүгөбер өркүндөп өсөбер Кыргызстаным...ммах
+7
dastan_nookat
2017-03-20 23:39:03
Абдан кооз болуптур
+6
Omurbek998
2017-03-20 23:52:48
Аа эки кун жакшы кооздошту жаны жылга и ноорузга кийинки президенттен кунуно ушундай озгоруулорду кутобуз
+5
Adidas_91
2017-03-21 00:17:44
Өнүгө бер Кыргызстаным сенинда бактылуу күндөрдү өткөрүүгө укуктуусуң. Акыркы күндөрү митиңтерден башың чыкпай калды.бактылуу, шаңдуу күндөрдү өткөзчү суранам. Менин Кыргызстаным!!!!!!!!!!!
+6
mentol
2017-03-21 00:40:03
Азыр жетип келишет нооруз биздин майрам эмес атата-патата дешип
+2
sladkaja_konfetka
2017-03-21 01:07:00
mentol,Нооруз накта кыргыздын майрамы! Мусулмандардын жаңы жылы!
+4
Firdaus-Muslim
2017-03-21 00:43:23
«Кыргызстан» өнүгүп өсө берсин!
+5
Zulya2
2017-03-21 01:09:54
Уюштуруучуларга чоон Рахмат Кыргызстан дыктарга майрамынар менен !!!!
+3
Arlenchik
2017-03-21 01:12:43
Борбор шаарым, суйуктуу шаарым Бишкеким оркундой бере осо бер.
+4
Goldenboy
2017-03-21 03:15:14
Алга Кыргызстан
+4
Goldenboy
2017-03-21 03:15:54
Алга
+4
Bubu88
2017-03-21 04:21:26
Атамбаевди жаман дейсинер колунан келишинче аракет кылып жатат элдин маанайын көтөрүш үчүн мындайда тегеле айткынар келбейт жакшы жактарын рахмат сизге Алмазбек Шаршенович элдин маанайын көтөрүп майрамдык маанай тартуулаганыныз үчүн абдан кооз жазылыптыр Кыргызстан акыркы жыйырма жылдан бери биринчи жолу 2 3 жылдан бери жакшы жагына өзгөрүп келе жатат буюрса мындан ары да өзгөрүүлөрду кутобуз
+9
Totyua.71.
2017-03-21 07:19:11
Кыргызстаным осуп онуго бер!
+4
Aiko_92_29_08
2017-03-21 08:46:55
Эң жакшы
+2
aibars
2017-03-21 09:47:49
Алтыным менин борборум, жалпы Кыргыз Элим барчылыкта, бак доолотто жашасын.
+1
Bazana
2017-03-21 09:51:41
Атамбаев оюн зоок маданият туруно конул болот экен , булда болсо жакшы кочмондор оюнун откорду. Кандай сонун болду.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан