Алай районунун Ленин айыл аймагына кар көчкү түшүп, ички чарбалык жолду тосуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кар көчкү 20-март күнү кечки саат 18:10дор чамасында Мурдаш айылынын Ак-Талаа участкасында ички чарбалык жолго түшкөн. Көчкүнүн болжолдуу көлөмү 2 500 метр кубга жетет. Жыйынтыгында көчкү унаа жолун тосуп калган. Жабыркагандар жок.