Биз социалдык тармакта

Францияда жубайлар үйүнүн жер төлөсүнө катылган алтын жана күмүш монеталарын таап алышты

Францияда жубайлар үйүнүн жер төлөсүнөн алтын жана күмүш монеталары салынган кумганды таап алышты. Бул тууралуу 20-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда жубайлар табылган монеталарды эсептеп анын 2968 даанасы күмүш, 17си алтын экенин аныкташкан. "Монеталарда 1473-1610-жылдар аралыгындагы дата көрсөтүлгөн. Алардын арасында Испанияны падыша Филипп II башкарып турган мезгилде Севилья шаарында жасалганы дагы бар. Табылга азыркы күндө канча суммага бааланары айтыла элек", - деп айтылат маалыматта.

Монеталар табылган үй 1580-жылы курулганы белгилүү болду. Франциянын мыйзамы боюнча катылган мүлккө таап алган адам ээлик кылат. Бирок бийлик 5 жыл аралыгында тарыхый баалуулук катары саналган буюмдарды изилдөөгө укуктуу. Андан кийин кымбат баалуу буюмдар ээсине кайтарылып берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
jigit.paren
2017-03-21 13:16:35
Кандай бактылуу жубайлар.
+1
Riokyrgyz
2017-03-21 18:47:26
jigit.paren,бакут байлыкта эмес.
+3
Lion.
2017-03-21 13:32:22
Менда таап алсам ээх)☺
0
etaj_rus79
2017-03-21 14:57:46
Lion.,сен таап алсан.бизде кыргызстанда изилдеп кайра кайтарып беребиз деп бербей койот...сурасан президент алмашып кетти билбейбиз деп
+15
maks94.kb
2017-03-21 21:29:06
Lion., Аллахтан сураныз сизге
Анданда кобун берет
Иншаллах
+2
Ronaldo.99
2017-03-21 14:05:46
Ырыскы деп коёт
+6
Aiko_92_29_08
2017-03-21 14:07:27
Бул алтындат жарактуу эле болобу ошондо?
-2
Benazir08
2017-03-21 15:04:11
Оа илгеркилер ушинтип бекитишкен бизден да времяканы бузганда алтын күмүш чыккан. Чоң атамдарда илгери алтын көп болгон экен...
+1
Munar8625
2017-03-21 16:23:10
Benazir08,анда сен байлардын тукумунан екенсинда.
+3
Benazir08
2017-03-22 00:33:20
Munar8625,ооба ырас айтасың геним чистый меники
-1
Azamat_15
2017-03-21 16:53:54
Мен жубайым экообуз мындай алтын таап алсак,мегиле изилдегиле деп жар салбай эле,акырын катып койуп кичинеден кертип тиш салган браттарга откозуп акчасын алып койуп жата бермекмин
+1
aza_74
2017-03-21 21:29:32
Azamat_15,анда утулуп каласын. бирден интернет аукционго коюп сатсан кеминде 100000 ден сатасын
+1
Azamat_15
2017-03-22 01:27:11
aza_74, анда эле муну кайдан алдын эле деп ызы чуу башталат да
0
erkeleim
2017-03-21 19:13:20
берем десе ушинтип эле берип коет)))
+2
kechirmeni
2017-03-22 08:43:56
Ээх насип кылсын! Насип кылбаса эртен эле бироо тырайтып кетет. Бактылуулук алтын кумушто эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан