Сөз эркиндигин коргоо комитети менен "Конституциялык кеңешме" кыймылы өлкөдөгү сөз эркиндигине арналган "Азаттык форуму" аталышындагы иш-чараны өткөрүшөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара 23-мартта саат 15:00дө Бишкектеги "Ак кеме" мейманканасында өтөт.
"Тилекке каршы, акыркы күндөрдө биз – сөз эркиндигинин өлкөдө кескин чектелишине күбө болуп жатабыз. Жарандардын эркин жана тынч чогулууларына болгон конституциялык укуктары басмырланып жатат. Эркин басылмалардын ээлери менен журналисттердин кесиптик ишмердигин жүргүзүү укуктары бузулууда", - деп айтылат маалыматта.