Кыргыз Республикасынын президенттик Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарындагы борбордук "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына арналган иш-чарага катышты. Ал салтанаттын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди.
Мамлекет башчынын куттуктоосу:
"Ата-бабаларыбыз илгертен эле жаздын келишин, чөптүн чыгышын, булак көзүнүн ачылышын жакшылыкка жорушкан. Ошондуктан Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын майрамы катары белгиленген. Бул күнү эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары болушун тилеп, Жаратканга сыйынышкан. Соко чегип, жер бетин алгач жолу тилишчү. Сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу майрамдашчу. Бабалардын ошол улуу салтын, жашоонун улуу көчүн, жаркын көчүн улоо менен, кыргыздар азыр да көпчүлүк чыгыш эли сыяктуу эле Ноорузду чоң салтанат менен белгилейт. “Ноорузду” биздин элибиз дайыма чоң үмүт, жакшы тилек менен тосуп, жаздын, эмгектин, чыныгы биримдиктин, тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары майрамдашат. Өлкө быйылкы Ноорузду жакшы жетишкендиктер, жаңы жөрөлгөлөр менен тосуп жатат. Элибиз улуттук жана руханий кайра жаралуу доорун сүрүүдө. Дүйнөлүк экономикалык жана финансылык каатчылыктын тескери таасирине карабастан, 2013-2016-жылдары Кыргыз мамлекетинин ички дүң продукциясынын өсүшү орточо 5,4 пайызды түзүп, КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң алдынкы орунга чыктык. Өлкөбүз энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти. Кудайдын колдоосу менен, тилегибиз ишке ашсын, Нооруз, келе жаткан жылыбыз ырыс-кешиктүү болсун! Жаратканыбыз Кыргыз өлкөсүн колдосун, элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!"