Бүгүн, 21-Март - Нооруз майрамы калаанын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов катышышты.
"Нооруз" чыгыш элдеринде Жаңы жылды тосуу майрамы болгон. Кылымдар кыйырынан бери ата-бабаларыбыз күн менен түн теңелип, улуу күндө жер айдап, үрөн сээп, жараткандан жакшылыктарды тилеп келишкен. “Нооруз” дайыма жаздын, эмгектин, биримдиктин, тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары майрамдалып келет. Куттуу майрамда элибиз бири-бирине аяр, боорукердик менен мамиле жасап, аз камсыздууларга жардам берип, кутман карыялардын батасын алууга умтулушкан. Жалпы журтубуз Нооруз майрамын белгилеп жатып, сүмөлөк кайнатып, бири-бирине ак тилек, таза сезимдерин билдирет. Ушул жылы касиеттүү өлкөбүздө, анын ичинде ордолуу Ош шаарыбызда бейпилдиктин, тынчтыктын нуру чачып, элибиз токчулукта, молчулукта бакубат жашоо кечирсин! Жалпы кыргыз элин кут уялап, Мекенибиздин келечеги кең болсун!” - деген калаа башчысы А.Кадырбаев куттуктоо сөзүндө.
Салтанаттуу иш-чаранын алкагында “Нооруз – жаңылануунун жана жакшылыктын жарчысы” аттуу театрлаштырылган оюн-зоок, концерттик чоң программа болду. Анда “Аталар мурасы”, “Энелер насааты”, “Жыл тогошуу”, “Нооруз жөрөлгөлөрү” көрсөтүлүп, жалпы шаар жаштары, маданият башкармалыгынын чыгармачыл тобу, белгилүү эстрада жылдыздары, бийчилер, искусство чеберлеринин катышуусунда концерт тартуулашканы маалым болду.
Ошондой эле “Нооруз” майрамынын атрибуттары болгон аластоо, бата берүү салттары менен бирге, жалпы майрамдын катышуучуларына сүмөлөк таратылды. Майрамдын алкагында "Нооруз берекеси" аттуу жарманке уюштурулуп, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн, дыйкандардын продукциялары коюлган. Салтанатты утурлай, “Өчпөс от” мемориалдык комплексинин алдына сүрөтчүлөр тарабынан “Ыйман, адеп жана маданият” жылына арналган көргөзмө, Айыл чарба институтунун алдында этно-көргөзмө орун алган. Майрамдын концерттик бөлүгүнө 10 миңден ашуун шаар тургундары жана меймандары күбө болушканы жазылат мэриянын маалыматында.