Ошто бардык аймактык кеңештерде "Нооруз" майрамынын урматына сүмөлөк кайнатылды

Бүгүн, 21-мартта Ош шаарындагы бардык аймактык кеңештеринде "Нооруз" майрамы жогорку деңгээлде өтүп, сүмөлөк кайнатылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, ички иштер министрлигинин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков менен биргеликте аймактык кеңештерди кыдырышты.

"Жаңылануунун, жакшылыктын жана аруу тилектердин данакери болгон майрам - бул Нооруз экендигин белгилеп, элдин майрамдык маанайын тең бөлүштү. Анын негизинде элдик каада-салтка ылайык, оюн-зоок, майрамдык маданий программалар уюштурулуп, боз үйлөр тигилип, “Сүмөлөк” даярдоо каадасы өткөрүлдү. Элдик сайрандоо, сармерден, мыкты ыр, мыкты бий боюнча уюштурулган сынактар менен коштолду", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары шаар ичиндеги майрамдык аянттар, эс алуу жана сейил бактар майрам шаанисинде жасалгаланып калаа тургундары жана меймандары эс алып жатышканын кошумчалашкан мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Imaw.95
2017-03-21 15:44:15
Айланайын ордолуу Ошумдан.Кагылайын кыргызым сенин салтындан!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан