Кыргыз муфтийи Максатбек Токтомушев Кувейттеги иш сапарында аталган өлкөдө "Ислам маданияты жана араб тилин үйрөтүү" борборундагы 3 айлык окуу курсунда окуп жаткан Кыргыз мамлекетинин студенттерине жолукту. Бул тууралуу 22-мартта муфтият кабарлады. Аталган борбордо билим алып жаткан Умар Карыповдун айтымында, аптасына бир жолу гана эс алып, калган убактыларын окуу жана тажрыйба топтоо менен өткөрүшүүдө. Муфтий студенттерге ийгилик каалап, аларды эл ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө, элге динди туура жеткирүүгө салым кошууга чакырды. Борбордун эмгек жамааты Кыргыз мамлекети менен мындан ары да эки тараптуу кызматташууга даяр экенин билдиришкени айтылат маалыматта.