Инстаграм социалдык тармагында сиз жасаган түз эфирдин видеолорун сактап коюу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Видеону сактоо үчүн трансляция бүткөндөн кийин өйдөдөгү оң бурчта жайгашкан "сактоо" баскычын басуу керек. Сакталган видеодо комментарийлер, "жакты" белгисинин басылганы жана көрүүчүлөрдүн саны көрүнбөйт. Бул функцияны пайдалануу үчүн Инстаграм тиркемеңиз жаңы версияда жана телефонуңуз Android же iOS операциондук системинде болушу керек.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын ноябрь айында Инстаграмды иштеп чыккандар сервиске Live Stories деп аталган онлайн-берүү функциясын кошушкан. Анын жардамы менен колдонуучулар түз эфирде болуп, окуя болуп жаткан жерден достору менен кызыктуу жаңылыктарын бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Түз эфир бир саат менен чектелет.