Apple корпорациясынын жаңы iPhone 7 жана 7 Plus смартфондору ачык кызыл түстө чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, телефондор эки күндөн кийин, 24-марттан тарта сатыкка чыгарылат. Смартфондордун баасы 849 доллар (болжол менен 58 500 сом) жана 969 доллар (болжол менен 67 миң сом) болору айтылып жатат. Ошондой эле алар 128 жана 256 гигабайт эс тутуму менен чыгарылган. Салмагы 500 граммга жетпеген телефондордун экраны 3,1 миллион пиксель болуп, электр кубаты бир күнгө жетет.
Компания СПИДке каршы күрөшүү программасы - RED менен иштешип жатканына он жыл толгонун белгилеп, атайын сериядагы телефондорун кызыл түстө чыгарган. Сатыктан түшкөн каражаттарынын бир бөлүгүн СПИД менен күрөшүү боюнча глобалдык фондго которот. Ушул мезгилге чейин Apple компаниясы аталган фонд менен иштешип, 130 миллион доллар каражатын кайрымдуулук иштерине жумшаган.