Бишкек шаарындагы Свердлов районунун "Тазалык" ишканасында иштеген Нурлан Осмонов акыркы учурларда жашоосунда кыйынчылыктар болуп жатканынан кичинекей уулу менен таштанды челектерден желим бөтөлкөлөрдү терип, аларды өткөрүп, кошумча каражат таап жатканын бүгүн, 22-мартта SUPER.KG порталына айтып берди.
"Үй-бүлөдө 5 жанбыз. Аялым, 3 балам бар. Соңку убактарда жашоо татаалдашып кетти. Балдарым чоңойгон сайын каражат көбүрөөк керектелип жатат. Бирине бут кийим, экинчисине калың кийим алып бериш керек болот экен. Ошентсе да колду куушуруп отуруп албай, эмгектенип жүрөм. Таштанды аңтарып, желим бөтөлкө терсем да, балдарымды адал тамак менен багам. Өзүм Свердлов районунда түшкө чейин иштейм. Айлык акым 5 миң сом. Бул каражат менен 5 жанды багуу акылга сыйбас иш. Мындан улам шаардын көчөлөрүн кыдырып, намысты жыйыштырып, желим бөтөлкө чогултам. Аны менен катар керектүү буюмдар, жылуу кийимдер чыгып калса ала кетем. Балам болсо күндө мени ээрчип алат. Кой дегенге көнбөй кошулуп жардамдашат", - дейт Нурлан Осмонов.
Нурлан Осмонов Нарын облусунун тургуну, 46 жашта. Бишкек шаарында жашаганына 10 жылга чукулдаган. Күн сайын 35-40 килограмм желим бөтөлкө чогултуп, 1 килограммын 8-9 сомдон сатат. Күнүмдүк жашоо-тиричилигин ушундай эмгектенүү менен өткөрөт. Нурландын улуу баласы 12 жашта ортончусу 7 жашта. Ал эми кенже баласы 3 жашар. Бул үй-бүлө батирдин акысы үчүн 3 миң сом төлөп жашайт.
"Бир топ жыл мурда эскилиги жеткен жеңил унаа сатып алгам. Ал менен тиричилигим өтөт. Терген бөтөлкөлөрдү унаага салып дарегине жеткирип сатып келем. Муну менен такси кызматын аткаруу мүмкүн эмес. Анткени сырткы көрүнүшү өтө начар. Кардарлар буга отурбайт. Анан да ички отургучтары талапка жооп бербейт. Такси кызматын да кезегинде аткаргам. Бирок күн бою талаалап жүрүп жарытылуу акча таппай ал жумушту таштап салгам. Айтор, жашоо кыйындап баратат. Мүмкүнчүлүгү бар адамдар жардам берсе баш тартпайм", - деп кошумчалады Осмонов.