Мындан 178 жыл мурун, 1839-жылы 23-мартта "OK" сөзү пайда болгон. Айрым маалыматтарга караганда бул күнү Morning Post деген аталыштагы бостондук гезитте ал сөз "oll korrect" (all correct" - баары туура) деп туура эмес жазылган сөздүн тамашалуу кыскартылышы катары чыккан.
Бирок Нью-Йорктогу демократтар "ОК" сөзүн өздөрүнүн клубун "The Democratic OK Club" деп атоо менен киргизишкенин айтышкан. Клубдун аталышындагы "ОК" ошол кездеги АКШнын президенти Мартин ван Бюрендин туулган жери Old Kinderhook`тун кыскартылганы.
Башка изилдөөчүлөр бул сөздүн АКШнын 7-президенти Эндрю Жексондун сабатсыздыгынан улам келип чыккан деп айтышкан. Себеби ал "all correct" деген сөз айкашты айтылышы боюнча "oll korrekt" деп туура эмес жазган. Кийин "OK" дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө колдонулуп, мааниси макул болгондукту түшүндүрүп калган.
23-мартка карата жылнаама.