“Айыл башчылыгына талапкерлиги коюлуп жаткан жарандар мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү”, - деп бүгүн, 23-мартта “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев Баткен облусунда өтүп жаткан парламенттик угууда билдирди. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Ал билдиргендей, шайлоодо өлкөдөгү 41 айылда айыл өкмөттөрү шайланбай калды.
“Буга жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлана электиги себеп болду. Демек, алардын жергиликтүү бюджети да кыйын кырдаалга кептелип турат. Шайлоонун болбой калышына уюшкан кылмыштуу топтун терс таасири тийип жаткандыгы да жашыруун эмес. Бул тууралуу бизге түшкөн маалыматтар бар", - дейт ал.
Эл өкүлү айыл өкмөт башчылыгына талапкерлер саясий партиялар тарабынан көрсөтүлсө жана өзүн-өзү да сунуштаса боло турганын айтты.